Жалал-Абад облусунда 600 үй-бүлө өз ишин баштоого каржылык колдоо алат

Жалал-Абад облусунда 600 үй-бүлө өз ишин баштоого каржылык колдоо алат. “Социалдык келишим” долбооруна республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүндү, — дешти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен.   Каражат 600 бизнес-долбоорду ишке ашырууга багытталат. “Үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алып жүргөндөр сынакка катышып, 100 миң сомдук грантка… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия орточо эсеп менен 2 миң сомго көбөйөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия орточо эсеп менен 2 миң сомго көбөйөт. Пенсиянын базалык бөлүгүн бекитүү жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялангандан кийин орточо пенсия 8 миң 80 сомду түзүп калат.   Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Социалдык фонддон билдиришкендей,     1-июлга карата өлкөдө орточо пенсия — 6… Кененирээк…

Баткенде 98 мектептин директорлугуна сынак өтүп жатат

11-августта Баткен облусундагы 98 мектепке жаңы директорду дайындоо үчүн сынактын экинчи туру өтүүдө. Анда талапкерлер компьютер аркылуу бир жарым саатта 80 суроого жооп бериши керек. Азырынча тестирлөөнүн жүрүшүнө нараазы болуп, аппеляциялык арыз жазгандар боло элек. Сынакта эң көп упай алган талапкерлерди министрликтин сунушу менен райондук… Кененирээк…

Кыргызстанга которулган акча боюнча рекорд орнотулду

Кыргызстанга которулган акча боюнча рекорд орнотулду. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, июлда чет мамлекеттерден өлкөгө 317 миллион доллар которулган.   Буга чейин эң жогорку көрсөткүч өткөн жылдын сентябрь айында катталган, анда Кыргызстанга 295,5 миллион доллар келген. Жалпысынан биринчи жарым жылдыкта өлкөгө 1 миллиард 347 миллион доллар… Кененирээк…

Исмайил Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды

Исмайил Сагыналиев Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Ал Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап жаткан. Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери кызмат өтөйт. Чүй облустук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга… Кененирээк…

Испанияда үй-жайсыз аял тилемчилик кылган акчасына лотерея билетин сатып алып, миллионер болду

Испанияда үй-жайсыз аял тилемчилик кылган акчасына лотерея билетин сатып алып, миллионер болду. Аликанте шаарында кайырчы аял күн сайын акча сурап, андан кийин тамак-аштан тышкары сөзсүз түрдө лотерея билетин дагы сатып алып турган.   Кезектеги билет ага 1 миллион 200 миң евро алып келди. Бактылуу айым… Кененирээк…

Кыргызстанда кафе-ресторандар жергиликтүү өндүрүштөгү спирт ичимдиктерин жана суусундуктарын сатууга милдеттендирилиши мүмкүн

  Кыргызстанда кафе-ресторандар жергиликтүү өндүрүштөгү спирт ичимдиктерин жана суусундуктарын сатууга милдеттендирилиши мүмкүн. Мындай демилге менен Экономика министрлиги чыкты.   Ведомстводон такташкандай, ассортиментте жок дегенде продукциянын 50 пайызы Кыргызстанда өндүрүлгөн болушу керек.   Демилгечилердин пикиринде, мындай талап жергиликтүү ишкерлерди колдоп, улуттук суусундуктарды жайылтууга шарт түзөт.

Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасы жакшыртылат

Чолпон-Ата шаарынын инфраструктурасы жакшыртылат. Тиешелүү келишим Мамлекеттик курулуш агенттиги жана француз компаниясы ортосунда жетишилди. Ага ылайык, программаны Азиялык өнүктүрүү банкы каржылап, 50 миллион доллар бөлүп берет.   Каражат канализациялык тазалоочу курулуштарды салууга жана насостук станцияларды орнотууга багытталат.   Андан тышкары, катуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

11-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө ылайык, жер титирөө саат 03:33тө катталган.   «Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар… Кененирээк…

Бажы кызматкерлери аттестациядан өттү

  Мамлекеттик бажы кызматы бул мекемеде иштеген 406 адамдын ээлеген жумуш ордуна ылайык келерин аныктоо максатында аттестациядан өткөрүлгөнүн билдирди.   Ага ылайык, 234 адам аттестациядан өткөн. Дагы 94үнө ээлеген кызматынан жогорулатуу сунушу берилген. Ал эми 64 кызматкерди кайра аттестациядан өткөрүү, алты адамды жумушунан төмөндөтүү чечими… Кененирээк…