Ордо калаанын Мурас-Ордо конушундагы мектептин курулушу 95 пайызга аткарылды

Ордо калаанын Мурас-Ордо конушундагы мектептин курулушу 95 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Биринчи май районунун акими Максат Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, имаратта 1 миңге чейин бала билим ала алат.

 

Бул Кыргызстан боюнча эң чоң мектептердин бири болот. Буга чейин Мурас-Ордо конушунун окуучулары Озерное айылына же Бишкекке барып окууга аргасыз болчу.