Баткенде мектеп директорлугуна сынактан 60 талапкер өттү

Баткенде мектеп директорлугуна сынактан 60 талапкер өттү. 98 мектепти жетектөө үчүн жалпысынан 147 талапкер сынакка катышкан.

 

Мектеп директору болуу үчүн талапкердин 7 жылдык педагогикалык иш тажрыйбасы, тиешелүү жогорку билими болушу шарт.

 

Эске салсак, Садыр Жапаров жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 5 жылдан ашык иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат.