Жаңы окуу жылынын башталышына карата мектептерде өрт коопсуздугу текшерилип жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, инспекторлор 2 миң мектеп жана 500дөн ашык бала бакчаны карап чыгат.
Биринчи кезекте өрткө каршы автоматтык сигнализация, электр жабдуулардын абалы, эвакуация планы жана тилсиз жоону өчүрүү шаймандарынын болушу текшерилет.