Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай абал бүгүн жана эртең сакталат.
Себеби – туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөгөн жаан-чачын. Жарандарга этият болуп, тоолуу трассалар менен сапарга чыгуудан баш тартуу сунушталат.