Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү эки завод курулат

Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү эки завод курулат. Бул тууралуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын начальниги Таалай Далбаев билдирди.

 

Анын айтымында, долбоорлорду ишке ашырууга каражат республикалык бюджеттен алынат, андан тышкары, инвестицияларды тартуу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору даярдалып, министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүлдү.

 

Чиновник белгилегендей, кайра иштетүү тармагындагы ишканаларга Ысык-Көлдө гана эмес, башка аймактарда дагы муктаждык бар.