ФИФА дүйнө чемпионатынын башталышын жылдыруу ниетинде

ФИФА дүйнө чемпионатынын башталышын жылдыруу ниетинде. Уюмдан билдиришкендей, чечим кабыл алынса, турнир 21-ноябрда эмес, 20-ноябрда старт алат. Муну менен алгачкы ачуучу беттеш 20-ноябрда, жекшембиде өтөт.   Анда Катар-Эквадор курамалары ойнойт. Эске салсак, мундиаль биринчи жолу араб  өлкөсү – Катарда өтөт.   Аталган өлкөдө күн ысык… Кененирээк…

Улуттук банк шылуундардан этият болууну сунуштайт

Улуттук банк шылуундардан этият болууну сунуштайт. Акыркы мезгилдерде социалдык тармактарда 10 миң сомдук грант берилүүдө деген билдирүү тарап жатат. Аны алыш үчүн онлайн-резюме толтуруп, жеке маалыматты толугу менен жазуу керек.   Бул жалган маалымат. Улуттук банктан белгилешкендей, жеке маалыматты жана картанын номерин бейтааныш адамдарга берүүгө… Кененирээк…

“Асман” экологиялык таза шаар үчүн жер аныкталды

“Асман” экологиялык таза шаар үчүн жер аныкталды.   Бул тууралуу Economist басылмасы министрлер кабинетине шилтеме келтирип билдирет. “Асман” Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгаштырылат.   Белгилеп кетсек, долбоор инвестицияларды тартууга жана туризмди өнүктүрүүгө багытталат.

Чолпон-Атада Евразиялык кеңеш аралык отурум өтөт

Чолпон-Атада Евразиялык кеңеш аралык отурум өтөт. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, иш-чара салттуу форматта 25-26-августта болот.   Ага ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары, байкоочу-мамлекеттер, Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы жана бир нече мамлекеттердин атайын өкүлдөрү катышат. Күн тартибине бир нече суроо киргизилди.   Алсак, бирдиктүү газ рыногун… Кененирээк…

Эрнис Толтоев президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары болду

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Эрнис Толтоев дайындалды. Бул туурасында облус өкүлчүлүгүнөн билдиришет. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Эрнис Толтоев бүгүн, 10-августта эмгек жамаатка тааныштырылды. Белгилей өтсөк, ал 2017-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеп, ошол кездеги өлкө башчынын жардамчысы болгон.

№61 мектептин директору Низовский үй камагына чыгарылды

Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады. Низовскийдин баш коргоо чарасы бүгүн тандалган. Ал үй камагында 16-сентябрга чейин болмокчу. Директор кечээ УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Низовский балдарды мектепке чейинки… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Ахунбаев, Баялинов, Токтогул, Тоголок Молдо, Лермонтов, Интергельпо, Тыныстанов, Орозбеков, Садырбаев көчөлөрүндө, Жогорку Орок, Калыс Ордо, Ак-Тилек, Арча-Бешик конуштарында жана Жал, 4-кичи райондордо жок болот.   Убактылуу чектөөлөр… Кененирээк…

Ислам оюндарынан алгачкы медаль

Ислам оюндарынан алгачкы медаль. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча мелдеште күмүш медалга ээ болду.   Спорт министрлигинин маалыматына ылайык, Сманбеков килемге 57 килограмм салмактык категорияда чыгып, финалга чейин ийгиликтүү жете алды.   Бирок чечүүчү беттеште өзбекстандык балбанга утулуп калды. Ислам шериктештиги оюндарына 56 өлкөдөн 4… Кененирээк…