УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду
УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду. Мекемеден билдиришкендей, ведомствонун аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалын жакшыртуу аракеттери уланууда. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ноокат районунун акими, УКМКнын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери да катышты.