УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду.
Мекемеден билдиришкендей, ведомствонун аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалын жакшыртуу аракеттери уланууда.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ноокат районунун акими, УКМКнын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери да катышты.