Кыргызстанда экологиялык жактан таза унаалардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанда экологиялык жактан таза унаалардын саны көбөйүүдө. Кытай Эл Республикасынын Бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Кытайдан эле жети айда өлкөгө 441 электромобиль экспорттолгон. Анын баасы 8 миллион долларды түзгөн.

Казакстандык балдар өз эсебине мунайдан киреше алышат

Казакстандык балдар өз эсебине мунайдан киреше алышат. Президент Касым Жомарт Токаев жарыялагандай, ар бир казак үй-бүлөсү өлкөнүн улуттук байлыгын пайдаланганынан реалдуу кайтарым алыш керек. Токаев Улуттук фонддун жылдык инвестициялык кирешесинин 50 пайызын балдар үчүн атайын сактык эсептерге алар 18 жашка чыкканга чейин мөөнөтүнөн мурда алуу… Кененирээк…

Аймактардагы мектеп окуучулары коомдук транспортко билет менен камсыздалышы мүмкүн

Аймактардагы мектеп окуучулары коомдук транспортко билет менен камсыздалышы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, демилгени Бишкекке караганда аймактарда ишке ашыруу оңой. Ордо калаада транспорттун эң арзан түрүн жеке компаниялар тейлегендиктен алар менен сүйлөшүү кыйын.

Акыркы 10 жылда Бишкектин калкы 250 миң адамга көбөйдү

Акыркы 10 жылда Бишкектин калкы 250 миң адамга көбөйдү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2012-жылы ордо калаада дээрлик 874,5 миң адам жашаса, быйылкы жылдын башында алардын саны 1 миллион 100 миңге жеткен. Ошону менен бирге шаардын социалдык, транспорттук жана башка инфраструктурасына жүк бир топ жогорулады.… Кененирээк…

Жалал-Абадда бир катар билим берүү мекемелери оңдоодон өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарында бир катар билим берүү мекемелери оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, №15 “Рябушкина” балдар бакчасынын 1965-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн чатыры, айнек-терезелери жана эшиктери толугу менен пластикке алмаштырылды. Андан сырткары, №9, №16, №11 жана №10 мектептердин терезелери алмаштырылып,… Кененирээк…

Мамлекеттик бажы кызматына сегиз унаа тапшырылды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен ЕККУнун элчиси Алексей Рогов жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигеки менен жолугушуусу өттү. Анын жүрүшүндө Исабеков бүгүнкү күндө бажы мыйзамдары жаатында мамлекеттин тышкы соода саясатын коргоо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. «Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын жана… Кененирээк…

Түркмөнстан жарандарына желим бөтөлкөлөрдү чогултууга тыюу салууну көздөөдө

Түркмөнстан жарандарына желим бөтөлкөлөрдү чогултууга жана сатууга тыюу салууну көздөөдө. Ашхабаддын администрациясы бөтөлкө чогулткандар “өлкөнү уят кылат” деп эсептейт. Полиция бөтөлкө жыйноочуларды кармап жатат. Алар бөтөлкө кабыл алуу пункттарында нөөмөттө турушат. Эреже боюнча кармалгандарга азыр бөтөлкө чогултууга тыюу салынганы эскертилүүдө. Анткен менен тартип сакчылары адамдарга… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта ири рейддер башталат

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта ири рейддер башталат. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, салык органдарынын кызматкерлери транспорт жана турак-жайга салык төлөбөгөн жарандарды аныктайт. Белгилеп кетсек, аталган категорияларга салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда соңуна чыкты. Жетишпей калгандарга айып салынат – физикалык жактарга 1 миң сомдон, юридикалык жактарга 5 миң… Кененирээк…

Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке жаңы жетекчи дайындалды

Разия Сырдыбаева Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернаттын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Маданият министрлигинин тиешелүү буйругу 2-сентябрда чыккан. «Филология илимдеринин кандидаты, фольклор багытындагы музыка таануучу Разия Сырдыбаева буга чейин… Кененирээк…

Ош шаарындагы муниципалдык транспортко кассалык аппараттар орнотулду

Ош шаарындагы муниципалдык транспортко кассалык аппараттар орнотулду. Түштүк борбордун мэриясынан билдиришкендей, жол кирени накталай жана электрондук карта менен төлөсө болот. Накталай төлөм 10 сом, карта менен 8 сом. Картаны “Юго-Восток” жана ХБК кичи райондорундагы троллейбустардын акыркы аялдамаларынан, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынан сатып алса болот.