Кыргызстанда келерки жылдын январь айынан тарта мектеп окуучуларынын тамак-ашынын баасы 7 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлөт.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча токтом долбоору азыр бекитүү стадиясында турат.
Эске салсак, 2006-жылдан бери өкмөт өлкөдө мектеп окуучуларынын тамак-ашы улуттук программасын ишке ашырып келет.
Анын алкагында башталгыч класстын окуучуларын күнүнө бир жолу тамактандыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 7 сомдон 10 сомго чейин бөлүнөт.