Кыргызстанда майнинг криптовалюталарына уруксат берүү үчүн электр энергиясы жетишсиз. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
Анын айтымында, электр энергиясынын тартыштыгынын башкы себеби – мурдагыдай эле Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун аз болушу. Андан тышкары, өлкө башка мамлекеттерден электр энергиясын импорттоого аргасыз.
Электр энергиясы жетиштүү көлөмдө чогулгандан кийин гана майнингге уруксат берилиши мүмкүн.