Президент “Аткезчилик менен күрөшүү чаралары жөнүндө” жарлыгына кол койду

Президент “Аткезчилик менен күрөшүү чаралары жөнүндө” жарлыгына кол койду. Документ улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды күчөтүүгө жана каттоого алынбаган товарды жоюуга багытталат.

 

Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине жүктөргө толук кандуу көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди. Андан тышкары, контрабандалык жүктү ташыган унаалар жана мыйзамсыз товар толугу менен конфискацияланат.