Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлүп берет. Каражат “Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө” долбоорунун алкагында тапшырылат.

 

Аны ишке ашыруунун жүрүшүндө “Үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алуу системасы жакшыртылып, аз камсыздалгандарды окутуу, аларды ишке орноштуруу каралат. Андан тышкары, социалдык коргоо системасы өнүктүрүлөт.