ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе рекорд орнотту

ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе Чемпиондор лигасынын тандоо турунун биринчи оюнунда дубль ишке ашырды.

 

Муну менен оюнчу рекорд орнотту. Эми анын жеке эсебинде еврокубоктун алкагында 35 гол бар. 23 жашында ал мындай көрсөткүчкө жеткен жалгыз футболчу болуп калды.

 

Буга чейинки рекорд Лионель Мессиге таандык болчу.