Кыргызстандын футбол боюнча командасы Россия курамасы менен достук жолугушуу өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча командасы Россия курамасы менен достук жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Беттеш 24-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

 

Белгилеп кетсек, эки өлкөнүн футбол курамалары биринчи жолу оюн талаасында жолугушат. Биздин команда ФИФА рейтингинде 95-орунда турса, Россия курамасы 35-позицияда жайгашат.