Пензадагы продакшн-студиянын командасы жаңы кесип ойлоп тапты

Россиянын Пенза шаарындагы продакшн-студиянын командасы жаңы кесип ойлоп тапты. Бул кызматка талапкер мактоолордун жана ыраазычылык сөздөрдүн максималдуу санын билүүсү керек. Ал эми анын милдетине актерлордун көңүлүн көтөрүү жана кошомат кылуу, алардын эмоционалдык абалын көзөмөлдөө кирет. Бул үчүн айлык акы 70 миң рублди түзөт. Бирок жумуш… Кененирээк…

Жаңыланган “Ысык-Көл” кинотеатры жакында каалгасын ачат

Каракол шаарында 30 жылдан бери иштебей турган “Ысык-Көл” кинотеатры жакында каалгасын ачат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, имарат жеке ишкер тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Долбоорго ылайык, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду ишкерге 18 миллион сом бөлгөн. Анын алкагында кинотеатрдын чатыры алмаштырылып, ички жана тышкы жасалгалары оңдолду, электр линиялары жана… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолундагы туннелдерден өтүү үчүн акы төлөө сунушталууда

Бишкек – Ош жолундагы туннелдерден өтүү үчүн акы төлөө сунушталууда. Унаа жана жолдор министрлигинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Акы унаалардын көлөмүнө жараша алынат. Мындан тышкары, тоннелдерден өткөн жергиликтүү номердеги машинелер өзүнчө, чет элдик унаалар башка суммадагы каражат төлөйт. Ага ылайык, айдоочулардан 50 сомдон… Кененирээк…

Баткенде Экология министрлиги үчүн имарат курулууда

Баткенде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаңы имаратын куруу иштери башталды. Ведомстводон билдиргендей, жаңы заманбап имарат шаардын борборунда жайгашат. Белгиленгендей, министрдин орун басары Кубат Касейинов курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бишкекте көмүрдүн баасы 11 пайыздан ашык арзандады

Бишкекте көмүрдүн баасы 11 пайыздан ашык арзандады. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, отунга азырынча кезек жок. Көмүр базаларда жеткирүүлөр да аз. Учурда көмүр саткан жайларда жергиликтүү Кара-Кече, Беш-Сары жана Казакстандын Шабыркүл көмүрү бар. Эң төмөнкү баа 4 миң сом. Тандалган көмүрдүн баасы 1 миң сомго кымбат. Соодагерлердин… Кененирээк…

58 миңден ашык мамлекеттик кызматкер жогорулатылган маяна ала баштады

Ушул жылдын 1-августунан тарта 58 миңден ашык мамлекеттик кызматкер жогорулатылган маяна ала баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул максатта республикалык бюджетте 7 миллиард сомдон ашык каралган. Мамлекеттик кызматкердин орточо айлыгы 2021-жылы 22 миң 879 сом болсо, 2022-жылы 47 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда мындан ары жылына эки жолу Улуттук тазалык күнү белгиленет

Кыргызстанда мындан ары жылына эки жолу Улуттук тазалык күнү белгиленет. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, тазалык күнү жыл сайын сентябрдын жана апрелдин үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт. Учурда тийиштүү мекемелерге жарлыкта белгиленгендерди ишке ашыруу аракетин көрүү тапшырмасы берилди. Тазалык күнүнө бардык каалоочулар катыша алат.

Түркмөнстан Түркиядан түркмөн жарандарына виза киргизүүнү суранды

Түркмөнстан Түркиядан түркмөн жарандарына виза киргизүүнү суранды. Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги виза режимин убактылуу киргизүүнү суранарын белгиледи. Бирок ведомство анын мөөнөтү тууралуу маалымат берген жок. Түркиянын Түркмөнстандын жарандары үчүн виза режимин киргизүүсү жүз миңдеген түркмөн мигранттарына, эл аралык аба каттамдары жарым-жартылай ачылгандан кийин акча табуу… Кененирээк…

Чүй облусунда эки цемент заводу курулат

Чүй облусунда эки цемент заводу курулат. Министрлер кабинети эки жеке компания менен инвестициялык макулдашууга кол койгонун Экономика жана соода министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, ишкананын бири Кемин районунда, экинчиси Ысык-Атада жайгашат. Инвестициянын жалпы көлөмү 150 миллион долларды түзөт.

Ош: жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерге жол белгисин коюу иштери жүрүп жатат

Ош шаардык жолдор башкармалыгы шаардын жол кесилиштериндеги жөө адамдар өтүүчү жерлерге жол сызыктарын (зебра) коюунун үстүндө иштеп жатат. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, буга чейин зебра калаадагы бардык билим берүү мекемелеринин (жогорку окуу жайлары, мектептер, бала бакчалар) жанында жаңыланган.