Бардык мечиттерде зомбулукка каршы баяндар окулат

Кыргызстандын бардык мечиттеринде адеп-ахлак жана зордук-зомбулукту алдын алуу маселесине арналган баяндар окуларын 6-сентябрда Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматта буга Баткендеги 14 жаштагы кыздын өлүмү себеп болгону белгиленди:

 

“Баткен облусунун Кадамжай районунда өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы”.

Муфтият маркум кыздын ата-энесине жана тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

 

Баткендин Кадамжай районунда киши колдуу болгон окуучу Айдай Кочкорованын өлүмүнө байланыштуу иш козголуп, шектүү катары ошол эле айыл аймагынын үч тургуну кармалды. Ата-энеси Орусияда мигрант болгондуктан кыз жаштайынан таенесинин колунда чоңойгон.