Борбордук шайлоо комиссиясы алдында “Жарандык жана санарип билим берүү борборлору” долбоору кое берилди

Борбордук шайлоо комиссиясы алдында “Жарандык жана санарип билим берүү борборлору” долбоору кое берилди. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.

 

Жалпысынан китепкана жана жаштар борборлорунун базасында 70 аятнча ачылды. Алардын жардамы менен билим берүү программаларына мүмкүнчүлүк артып, электрондук кызматтарды колдонуу кеңейет.

 

Жыл аягына чейин мындай борборлор алыскы аймактарда жана айылдарда дагы ачылат деп пландалууда.