Кыргызстанда зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү борбору түзүлөт

Кыргызстанда зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бирдиктүү борбор зомбулуктан жабыркаган аялдарга укуктук, психологиялык, социалдык жактан комплекстүү жардам көрсөтөт. «Борборду түзүүгө жооптуу ведомстволор аралык жумушчу топко Эмгек министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин,… Кененирээк…

Япония пандемиядан улам өлкөгө кирүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып салат

Япония пандемиядан улам өлкөгө кирүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып салат. Азырынча чек арадан күнүнө 50 миң гана адам өтө алат, бирок бийлик бизнестин кызыкчылыгын эске алып, бул эрежени жоюуну көздөөдө. Мындан тышкары, өкмөт туристтик агенттиктердин кызматынан пайдаланбаган көз карандысыз туристтерге Японияга кирүүгө уруксат берүүнү карап жатат.

Чек ара кызматында учкучсуз аппараттар базасы ачылды

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн «Байрактар» учкучсуз аппараттары тапшырылган. Садыр Жапаров буга чейин Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар… Кененирээк…

Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бюджеттик колдоо алат

Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бюджеттик колдоо алат. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, келишимге былтыр кол коюлган. Каражаттын жалпы суммасы 80 миллион долларды түзөт. Акча республиканын бир нече тармагын каржылоого, атап айтканда, туризмди жана бизнести колдоого жумшалат.

Кыргызстандан Россияга рекорддук сумма которулду

Июль айында Кыргызстандан Россияга ар кандай акча которуу системалары аркылуу рекорддук сумма — 110 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Белгилеп кетсек, трансферттердин суммасы боюнча мурунку рекорд бир ай мурда, июнда катталып, 82 миллион долларды түзгөн. Жалпысынан январдан июль айына чейин өлкөдөн Россияга 455 миллион… Кененирээк…

Криштиану Роналду Сауд Арабиялык клубдун сунушун четке какты

Криштиану Роналду Сауд Арабиялык клубдун сунушун четке какты. Mirror басылмасы билдиргендей, клуб Роналдуга жылына 240 миллион евролук айлык сунуштаган.   Форвард макулдугун берсе, автоматтык түрдө дүйнөнүн эң кымбат оюнчусуна айланмак, бирок ал бул варианттан баш тартты. Буга карабай, Роналду “Манчестер Юнайтед” клубунан кетиши мүмкүн деген… Кененирээк…

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш иши козголгонун билдирди. Анда «2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген. Мындан сырткары… Кененирээк…

Зордуктоого шек саналган Улуттук Гвардиянын жоокерлери эки айга камалды

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту зордуктоого шек саналып кармалган Улуттук Гвардиянын эки жоокеринин бөгөт чарасын карап, эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Кылмышка шектүүлөр Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайында (гауптвахта) 11-ноябрга чейин болушат. Аскер прокуратурасы эки жоокер кармалганы тууралуу 12-сентябрда билдирген. Анда 5-сентябрда Б.У… Кененирээк…

Катарда өтө турган дүйнө чемпионатында күйөрмандар арасында атайын турнир уюштурулат

Катарда өтө турган дүйнө чемпионатында күйөрмандар арасында атайын турнир уюштурулат. Кубок Мундиалга катыша турган 32 өлкө арасында ойнотулат. Кичи турнир кадимки дүйнө чемпионатынын форматындай эле өтөт.   Оюнчулар 18 жаштан жогору болуп, ойной турган өлкөсүнүн жараны болушу керек. Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпионаты Катарда… Кененирээк…

Июль айында Кыргызстандан Россияга ар кандай системалар аркылуу  110 миллион доллар которулду

Июль айында Кыргызстандан Россияга ар кандай системалар аркылуу  110 миллион доллар которулду. Бул рекорддук көрсөткүч, — дешти Улуттук банктан.   Белгилеп  кетсек, которуулар боюнча буга чейинки рекорд июнда катталган, анда   82 миллион сом өлкөдөн чыгарылган. Жалпысынан жыл башынан бери биздин өлкөдөн Россияга 455 миллион доллар… Кененирээк…