ИИМ жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо.

Тактап айтканда, мас абалында унаа башкаргандар үч жылга айдоочулук кубөлүктөн ажыратылат.

Мекеме жетекчисинин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, эгер мыйзам бузуу кайталанса, күбөлүк биротоло берилбейт.

Тиешелүү документ мас абалындагы айдоочулардын катышуусунда көбөйгөн жол кырсыктарына байланыштуу иштелип чыккан.