Айпери Медет кызы Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына утулуп калды.
Ал кытайлык Жуан Ванг менен килем үстүнө чыгып, 7:1 эсебинде жеңилип калды.
Эгер Жуан Ванг финалга чыкса, анда Айпери Медет кызы көңүл жубатуучу кармашка чыгат.
Эске салсак, Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунунда учурда эки медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудовдо алтын жана Амантур Исмаилов коло уткан.