Ошто 50 жылдан бери ремонту жок турган “Бакыт үйү” оңдоодон кийин ачылды

Ош шаарындагы “Бакыт үйү” толук оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңыланган имараттын ички бөлмөлөрү заманбап жасалып, сырты көрүнүшү да жакшыртылды.

Көп кабаттуу үйдүн фасады боёлуп, имараттын алдына асфальт төшөлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүрдү.

Алдыда шлагбаум коюлат.

Оңдоо иштерине жалпы 8,5 млн сом каражат жумшалган.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаевдин айтымында, “Бакыт үйүнүн” имараты 1971-жылы курулуп, андан бери бир дагы жолу капиталдык ремонт болгон эмес.

Эске салсак, 2021-жылы Ош шаарында баш кошкондордун саны 2 миң 819 болсо, 2022-жылдын сегиз айында 1 миң 708 жуп каттоодон өткөн.