Казакстан борборун кайрадан Астана деп өзгөрткүсү келет.
Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев парламент депутаттарынын сунушуна макул болду.
Сунуш Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди.
Белгиленгендей, Касым-Жомарт Токаев Казакстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, борбордун пайдубалын түптөөдө өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң экенин айтты.
Мындан улам биринчи президенттин ысымы ыйгарылган башка объектилер өз аталыштарын сактап калышы керек.