Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөргө дээрлик 28 миллион сом насыя берилди

Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөргө дээрлик 28 миллион сом насыя берилди.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, каражатты бүгүнкү күндө 70 субъект алды.

“Сүт тармагын насыялоо долбоору” бодо малдын санын көбөйтүүгө жана сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Насыя айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 500 миң сомго, фермалар үчүн 1 миллион сомго чейин жылдык 6 пайызга чейин берилди.