ИИМдин Ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды

Кыргызстандын аймагында жарандарды мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча күзгү кампаниясы ишке ашырылууда.

Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 13-сентябрдан тарта ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу ишке ашырыла баштады.

“Жаңы толуктоону аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алууда.

Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана ИИМдин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт.

Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлөт”, — деп белгилешти Ички аскерлеринен.