Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушу аяктоо алдында

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн салынып жаткан спортзалдын курулушу аяктоо алдында турат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң 875 чарчы метрди түзөт.

Спорт комплексинде бардык заманбап шарттар каралган.

Алсак, машыгуу залы, күрөш залы, медициналык бөлмө, спорттук иш-чараларды өткөрүү залы, ашкана жана уктоочу бөлмөлөр бар.