Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып жатат

Кыргыз-тажик чек арасында учурда ок атылып жатканын УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди. Ага ылайык, Баткендин Булак-Башы жерлигинде кызмат өтөп жаткан Кыргызстандын чек ара бөлүгү такталбаган аймакта жүргөн тажик чек ара отрядынан аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган. Тажикстандын чек арачылары кыргыз тараптын талабын аткарбай, ок чыгарган.… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында медалсыз калды

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында медалсыз калды. Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында коло үчүн кармашта украиналык Илона Прокопевнюкка 8:7 эсебинде утулуп калды.   Чемпионат ушул тапта Сербиянын борбору Белград шаарында өтүүдө. Тыныбекова килемде 62 килограмм салмакта кармашты. Белгилеп кетсек, буга чейин Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн эки ирет… Кененирээк…

АКШда аял өзүнүн катасы үчүн джекпот утуп алды

АКШда аял өзүнүн катасы үчүн джекпот утуп алды. Ал кумон сатып алуу үчүн дүкөнгө кирип, бирок жаңылыштык менен башка нускадагы билетти сатып алган. Бирок дал ошол купон ага 50 миң доллар байлык алып келди.   Эми джекпоттун бактылуу ээси бул акча менен ипотекасын жаба турганын… Кененирээк…

ПСЖ Лионель Мессиге жаңы келишим сунуштайт

ПСЖ Лионель Мессиге жаңы келишим сунуштайт. Клуб толугу менен форварддын оюнуна канааттанып, аны менен келишимди дагы эки сезонго узартуу ниетинде. Жаңы шарттар жөнүндө сүйлөшүүлөр Катардагы дүйнө чемпионатынан кийин старт алат деп күтүлүүдө.   Эске салсак, Месси “Барселонадан” ПСЖга өткөн жылы которулган.

“Кумтөр голд компани” компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк кармалды

“Кумтөр голд компани” компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ал буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында колго түшүрүлдү.   Бөлтүрүк менен кошо компаниянын жабдуу боюнча адиси жана каржы башкармалыгынын директору кармалды. Эске салсак, буга чейин компанияда каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген.… Кененирээк…

Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону аталды

Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону аталды.   Сербияда өтүп жаткан биринчиликтин чечүүчү бөлүгүндө биздин балбан болгариялык Армен Назарянды 11:2 эсебинде утуп алды. Жоламан Шаршенбеков 23 жашта.   Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үчүнчү жолу күрөштү. Буга чейин эки жолу күмүш байге алган. Дүйнө кубогунун… Кененирээк…