“Кумтөр голд компани” компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк кармалды

“Кумтөр голд компани” компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ал буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында колго түшүрүлдү.

 

Бөлтүрүк менен кошо компаниянын жабдуу боюнча адиси жана каржы башкармалыгынын директору кармалды. Эске салсак, буга чейин компанияда каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген.

 

Алдын ала эсептөө боюнча, кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.