Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып жатат

Кыргыз-тажик чек арасында учурда ок атылып жатканын УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Ага ылайык, Баткендин Булак-Башы жерлигинде кызмат өтөп жаткан Кыргызстандын чек ара бөлүгү такталбаган аймакта жүргөн тажик чек ара отрядынан аймактан чыгып кетүүсүн талап кылган. Тажикстандын чек арачылары кыргыз тараптын талабын аткарбай, ок чыгарган. Кийин ага жооп катары Кыргызстандын чек арачылары да курал колдонушкан.

«Чек арачылар ок атышып, жыйынтыгында тажик тарап миномёт колдонгон. 14-сентябрь саат 9:30га карата ок атышуу улам жанданып, токтобой жатат», — деп айтылат билдирмеде.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ок атышуудан кыргыз тарапта жарадар болгондор жана жабыркагандар жок. Окуя болгон жерге Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси чыгып кеткени кошумчаланды.
УКМКнын чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгын жетектеген Кыялбек Төлөнбаев Согду облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Х.Пиракзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар жолугууну пландаштырып жатат.