Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында медалсыз калды

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында медалсыз калды. Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында коло үчүн кармашта украиналык Илона Прокопевнюкка 8:7 эсебинде утулуп калды.

 

Чемпионат ушул тапта Сербиянын борбору Белград шаарында өтүүдө. Тыныбекова килемде 62 килограмм салмакта кармашты. Белгилеп кетсек, буга чейин Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн эки ирет дүйнө чемпиону болгон.