Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону аталды.
Сербияда өтүп жаткан биринчиликтин чечүүчү бөлүгүндө биздин балбан болгариялык Армен Назарянды 11:2 эсебинде утуп алды. Жоламан Шаршенбеков 23 жашта.
Ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үчүнчү жолу күрөштү. Буга чейин эки жолу күмүш байге алган. Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. Азия чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгесинин ээси.