Бишкекте кезектеги унаа тейлөөчү борбор ачылды

Бишкекте кезектеги унаа тейлөөчү борбор ачылды. Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ал Алыкулов 3/10 дарегинде жайгашат. Анда “Бирдиктүү терезе” системасы аркылуу унаа ээлерине бир катар кызматтар көрсөтүлөт.   Айрыкча, айдоочу күбөлүктөрүн тапшыруу, мамлекеттик номерлерди алуу, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо процедуралары жөнөкөйлөштүрүлдү.

Бишкек бийлиги коомдук транспорттогу жол кирени дагы көтөрүүнү сунуштады

Бишкек бийлиги коомдук транспорттогу жол кирени дагы көтөрүүнү сунуштады. Мэрия жарыялаган документте учурдагы жол кире акысы унааларды эксплуатациялоого жетпей, чыгым акталбагандыктан тейлөөнү жакшыртууга мүмкүн болбой жаткандыгы айтылат.   Андан улам калаа бийлиги жол кире акысы жогоруласа, транспорттук ишканалардын экономикалык абалы, унаалардын каттамы, айдоочулардын социалдык абалы… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техника жана тик учактарды берет

Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техника жана тик учактарды берет.   Бул тууралуу аталган өлкө лидери Владимир Путин Садыр Жапаров менен Өзбекстанда жолукканда билдирди.   Ал кошумчалагандай, бул максатта Россия бюджетинен  1,3 миллиард рубль бөлүнөт. Россия Кыргызстанга экономикалык жактан колдоо көрсөтүүсүн улантат, — деди Владимир Путин.

Кыргызстан мектептерин 12 жылдык программага өткөрүү үчүн көптөгөн даярдоо этаптарынан өтүү керек

Кыргызстан мектептерин 12 жылдык программага өткөрүү үчүн көптөгөн даярдоо этаптарынан өтүү керек. Бизге Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдиргендей, алгач билим берүү стандартын, окуу программасын, предметтик стандарттарды 12 жылдыкка өткөрүү керек.   Андан тышкары, 12-класс үчүн окуу китептерин чыгаруу зарыл. Эске салсак, ведомство… Кененирээк…

Кыргызстанда чемпиондордун ысымдары популярдуу болууда

Кыргызстанда чемпиондордун ысымдары популярдуу болууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери спортчулардын аттары 500дөн ашык ымыркайга берилди.   Тактап айтсак, Акжол ысымы – 292 балага, Жоламан – 30, Амантур – 172 наристеге ыйгарылды. Ал эми өткөн жылы Токио олимпиада оюндарынан кийин Акжол, Айсулуу,… Кененирээк…