Бишкек бийлиги коомдук транспорттогу жол кирени дагы көтөрүүнү сунуштады

Бишкек бийлиги коомдук транспорттогу жол кирени дагы көтөрүүнү сунуштады. Мэрия жарыялаган документте учурдагы жол кире акысы унааларды эксплуатациялоого жетпей, чыгым акталбагандыктан тейлөөнү жакшыртууга мүмкүн болбой жаткандыгы айтылат.

 

Андан улам калаа бийлиги жол кире акысы жогоруласа, транспорттук ишканалардын экономикалык абалы, унаалардын каттамы, айдоочулардын социалдык абалы жакшырат деген пикирде.

 

Белгилеп кетсек, Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире өткөн жылы 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустарда 8 сомдон 11 сомго көтөрүлгөн болчу.