Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техника жана тик учактарды берет

Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техника жана тик учактарды берет.

 

Бул тууралуу аталган өлкө лидери Владимир Путин Садыр Жапаров менен Өзбекстанда жолукканда билдирди.

 

Ал кошумчалагандай, бул максатта Россия бюджетинен  1,3 миллиард рубль бөлүнөт. Россия Кыргызстанга экономикалык жактан колдоо көрсөтүүсүн улантат, — деди Владимир Путин.