Бишкекте кезектеги унаа тейлөөчү борбор ачылды

Бишкекте кезектеги унаа тейлөөчү борбор ачылды. Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ал Алыкулов 3/10 дарегинде жайгашат. Анда “Бирдиктүү терезе” системасы аркылуу унаа ээлерине бир катар кызматтар көрсөтүлөт.

 

Айрыкча, айдоочу күбөлүктөрүн тапшыруу, мамлекеттик номерлерди алуу, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо процедуралары жөнөкөйлөштүрүлдү.