Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда кыргызстандык төрт аскер жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда кыргызстандык төрт аскер жаракат алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн таңкы саат 6да Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде тажик чек арачылары ок чыгарды.   Учурда кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу болуп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, 4 аскер… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен ойнойт

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен ойнойт. Оюн саат кечки саат 7 жарымда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.   Беттеш  Азия кубогу-2023 чемпионатына тандап алуу турунун алкагында өткөрүлөт. Эске салсак, курама 18-сентябрда Бруней менен ойнойт.

Бишкек тургундары арзан баада отун сатып ала алат

Бишкек тургундары арзан баада отун сатып ала алат. Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек жашыл чарба” ишканасы жеткиликтүү баада отун сатып баштады. Бул сынайын деп калган бак-дарактарды бутоодо жана кыюуда алынган отун.   Анын бир куб метри 1 миң 760 сом турат. Каалоочулар муниципалдык ишканага кайрылышы керек.

Ордо калаанын Мурас-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды

Ордо калаанын Мурас-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды. Билим берүү имаратын салтанаттуу ачуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Чиновниктин айтымында, курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 136 миллион сом бөлүнгөн. Мектеп бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалды. 40 кабинетте проекторлор орнотулуп, эмгек сабагына атайын жабдылган… Кененирээк…

Баткенде чектеш аймакка жакын айылдардын тургундарын эвакуациялоо башталды

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалып, атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тажик тарап Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылап жатат.   Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жаткандыктан, Чек ара кызматынын аскерлери жооп… Кененирээк…

Тажик тарап Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылап жатат

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалып, атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тажик тарап Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылап жатат.   Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жаткандыктан, Чек ара кызматынын аскерлери жооп… Кененирээк…

АКШ тургуну утуш алып келген лотерея билетин ыргытып сала жаздады

АКШ тургуну утуш алып келген лотерея билетин ыргытып сала жаздады. Купон унаада бир нече күн жаткан. Аны таштандыга ыргытардын алдында, аял оюндун жыйынтыктарын текшерип көрүүнү чечкен.   Жыйынтыгында, бул билет ага 1 миллион доллар алып келди. Ал бактысына ишенбей, билетти 10 жолу текшерип көргөнүн билдирди.

Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициялардын өлчөмү көбөйтүлөт

Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициялардын өлчөмү көбөйтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, бул жылы билим берүү системасына 47 миллиард сом бөлүнгөн.   Кийинки жылы бул сумма 64 миллиардка чейин жеткирилет. Анын 5 миллиардын мектептерди өнүктүрүүгө багытталат.   Чиновник белгилегендей, бийлик… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайра курчуп, атышуу башталды

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын билдирди. Ага ылайык, тажик тарап 16-августта саат 06.00 чамасында Баткендеги Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Базар жана Орто-Боз аймактарын аткылаган. “Тажик тарап саат 06.30да “Көк-Таш” чек ара бекетинин аймагын минометтон аткылады. Көп өтпөй Самаркандек… Кененирээк…

Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында коло медал үчүн күрөшөт

Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында коло медал үчүн күрөшөт. Беттеш бүгүн болот. Кечээ 70 килограмм салмакта Акматалиев жарым финалга чейин жетип, япониялык балбанга  утулуп калды.   24 жаштагы Эрназар Акматалиев өткөн жылы Норвегияда өткөн эркин күрөш Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Ушул эле жылы Сербиянын Белград… Кененирээк…