Баткен облусуна жалпысынан 3 миллиард сом бөлүндү
Баткен облусуна жалпысынан 3 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, буга чейин резервде эки миллиард сом болгон жана бул каражатка дагы бир миллиард сом кошулду. Белгилеп кетсек, өкмөт башчы ушул тапта иш сапар менен Баткенде жүрөт.