Сузактагы каргашада жабыркаган балдардын абалы айтылды

Саламаттык сактоо министрлиги Сузактагы каргашада жабыркаган балдардын абалы тууралуу маалымат берди. Жалпысынан 32 бала жабыркап, анын 10у Бишкекке алынып келинген.

 

Бүгүн жабырлануучулардын биринин абалы жакшырып, реанимациядан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Калган балдар травматология бөлүмүндө дарылануусун улантууда, абалдары туруктуу.

 

Ведомство Бишкек жана Жалал-Абад облусунун ооруканаларында жаткан балдар дары-дармек менен толук камсыздалганын кошумчалады.