«Макмал алтын» комбинатынын жооптуу кызматкерлерине иш козголду

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы «Кыргыз алтын» ААКка караштуу «Макмал алтын» комбинатынын жооптуу кызматкерлерине иш козголгонун билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары комбинаттын филиалын текшеришкен.

«Анда «Макмал алтын» комбинаты жана «Кыргыз алтын» ААКтын «Кыргыз алтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 миллион 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынганы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу») боюнча иш козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.