Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурлан Шакиев шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурлан Шакиев шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 80 депутат макул, алтоо каршы добуш берди. Бир бюллетень жараксыз деп табылды. Ал жалгыз талапкер болуп шайлоого катышты.

 

Белгилеп кетсек, Шакиев буга чейин Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси болуп иштеген. 2010-жылы маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл иштеген.

 

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келген. Эске салсак, буга чейинки төрага Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн жарыялады.