Бишкекте Панфилов көчөсү унаа кыймылына жакынкы күндөрү ачылат

Бишкекте Панфилов көчөсү унаа кыймылына жакынкы күндөрү ачылат. Мэрия маалыматына ылайык, анын Медеров көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки тилкесинде оңдоо иштери аягына чыгып калды.

 

Анда жол катмары жаңыртылып, ирригация тармагы өткөрүлүп, тротуарлар курулду. Калыбына келтирүү жумуштары кытайлык гранттын эсебинен “Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.