Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 миллиард сом бөлүндү

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде билдирди. Белгиленгендей, каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшалат. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жыйындын алкагында Жапаров эбегейсиз өлчөмдөгү электр энергиясы кайда… Кененирээк…

Билим берүү министрлигинин имаратын оңдоого бюджеттен 65 млн сом каралды

Билим берүү жана илим министрлигинин имаратын оңдоого бюджеттен 65 миллион сом каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрликтин демилгеси менен каражат Мамлекеттик имараттар департаментине которулат. Учурда 20 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштери башталды.

Бүгүн Ош шаарынын түптөлгөнүнө 3022 жыл толду

Бүгүн Ош шаарынын түптөлгөнүнө 3022 жыл толду. Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдиргендей, быйыл майрам жылдагыдай шаан-шөкөт менен белгиленбейт. Мунун себеби Баткендеги соңку окуяларга байланыштуу. Майрамга карата ырчылар арасында гана чакан сынак уюштурулат.