2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабияда өтөт

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабияда өтөт. Аталган өлкө тендерде жеңип чыкты. Мелдештер азырынча жок Неом шаарында уюштурулат. Анын курулушу 4 жылдан кийин жыйынтыкталат.

 

Белгилеп кетсек, Неом – саудиялык мураскер ханзааданын 500 миллиард долларлык долбоору. Оюндар ири шаардын бөлүгү боло турган кышкы курортто өтөт. Анда Перс булуңундагы алгачкы жыл бою иштей турган лыжа шаарчасы курулат.