Кыргызстанда соңку 2 жумада эле 10 миң 430 россиялык жаран каттоодон өттү

Кыргызстанда соңку 2 жумада эле 10 миң 430 россиялык жаран каттоодон өттү. Бул тууралуу novosti.kgге Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Өткөн жылдвн 23-сентябрынан 3-октябрга чейин республикада Россиянын 6 миң 63 жараны катталган.

 

Ведомстводон эске салышкандай, россиялыктар биздин өлкөгө келгенден кийин 30 күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек. Андан кийин уруксат кагазы 6 ай сайын узартылышы шарт.