Улуттук энергохолдингдин жетекчиси болуп  кайрадан Таалайбек Байгазиев дайындалды

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси болуп  кайрадан Таалайбек Байгазиев дайындалды. Белгилеп кетсек, ал ишкананы мурда да жетектеген. Андан кийин “Электр станциялары” мамлекеттик мекемесин башкарган.   Ал эми “Электр станциялары” ишканасына Айбек Айдаралиев директор болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы бүгүн шайланат деп пландалууда

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы бүгүн шайланат деп пландалууда. Бул үчүн парламент депутаттары бүгүн талкуулай турган күн тартибиндеги башка маселелерди жылдырууга туура келди.   Вице-спикер Улан Примовдун айтымында, фракциялар талапкерлерди аныкташы үчүн тыныгуу жарыяланды. Эске салсак, Талант Мамытов бүгүн Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти. Ал  өз каалоосу… Кененирээк…

Путин төрт аймактын Россиянын курамына кириши боюнча мыйзамга кол койду

Россия президенти Владимир Путин РФтин курамына Луганск, Донецк элдик республикаларынын, Запорожье жана Херсон облустарынын кириши боюнча Федералдык конституциялык мыйзамга кол койду. Документтер укуктук маалыматтардын расмий порталына жайгаштырылды. Россиянын курамына ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары кирди. Аймактар РФке Баш мыйзамдын жана Федералдык конституциялык мыйзамдын 4-беренесинин негизинде киргизилгени… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти 8,4 млн долларга санариптештирүү пландалууда

Парламент Корея эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) менен бирге 2023-жылдан 2027-жылга чейин «Жогорку Кеңешти санариптештирүү» долбоорун ишке ашырууну пландоодо. Ага болжолдуу түрдө 8,4 млн доллар сарпталары айтылды. Долбоорду деталдуу иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанга IT технологиялар тармагы боюнча кореялык эксперттер тобу келген. Бул адистер буга чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет

Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө мугалимдердин күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды. Улуттук статистика комитети даярдаган маалыматта айтылгандай,… Кененирээк…

ӨКМдин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын техникалык базасы толукталды

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фонду облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына 4 млн 425 миң сомдук техникалык жабдыктарды алып берди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, башкармалыктын техникалык базасы «Кыргызстанда кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу күнүнө» карата толукталды. Техникалык жабдууларды ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кетти. Ал бул тууралуу парламент жыйынында бүгүн билдирди. Талант Мамытов 2020-жылы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Анын кызматтан кетери тууралуу маалыматтар соңку күндөрү айтылып жаткан. Мамытовдун ордуна депутат Нурланбек Шакиевдин талапкерлиги сунушталып жатканы кабарланууда.

Кыргызстанда жүндөн жер семирткич чыгарган ишкана курулат

Кыргызстанда жүндөн жер семирткич чыгарган ишкана курулат. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, завод Ак-Суу районунда жайгашат. Жеке ишкер тарабынан ишке ашырыла турган долбоорго аймакты өнүктүрүү фонду 14 миллион сом пайызсыз насыя берүү чечимин кабыл алды. Учурда 5 миллион сом бөлүндү. Жаңы ишкананын ачылышы менен 20дан… Кененирээк…

Бишкекке Екатеринбургдан кошумча авиакаттамдар ачылды

Бишкекке Екатеринбургдан кошумча авиакаттамдар ачылды. Манас эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашкандай, ушул жылдын 3-октябрынан тарта Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург багыты боюнча жаңы туруктуу каттамдар аткарыла баштады. Учактар дүйшөмбү жана жума күндөрү учат. Белгилеп кетсек, аталган багыт боюнча каттамдар буга чейин жумасына төрт жолу – шаршемби, жума, ишемби… Кененирээк…

Тонировкага уруксат кагазы өлкө бюджетин 100 млн сомго толуктады

Үч айдын ичинде унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүчү документтерди сатуудан өлкө бюджетине 100 миллион сомдон ашык киреше түштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, мындай уруксат кагаздарын учурга карата 1 миң 240 унаа ээлери алышты. Эске… Кененирээк…