Баткен облусуна жардам катары акча чогултуу уланууда

Баткен облусуна жардам катары акча чогултуу уланууда. Учурга карата атайын ачылган эсепке 314 миллион сом которулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Сумманы Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары топтоду.

 

Ведомстводон белгилешкендей, каражат азырынча Баткенге багыттала элек. Аны туура бөлүштүрүүгө президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.