Кыргызстандын мектептеринде 900 мугалим жетишпейт
Кыргызстандын мектептеринде 900 мугалим жетишпейт. Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Самаркүл Умралиева быйылкы жылы педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги 3 эсеге азайгандыгын, бирок ага карабай адис жетишпей жатканын билдирди. Анын айтымында, Бишкек жана Ош шаарларында табигый-математикалык цикл боюнча мугалимдердин кескин тартыштыгы байкалууда.