Дубайдагы келечек музейине жаңы кызматкер алынды

Дубайдагы келечек музейине жаңы кызматкер алынды. Эми музейге келгендерди кире бериште робот-гуманоид тосуп алат. Амека дүйнөдөгү адамга куюп койгондой окшош алгачкы робот.

 

Анын башкы функциясы – адамдар менен баарлашуу. Амеканын жүзү таң калууну, кубанычты, кайгырууну жана жин келүүнү көрсөтө алат. Андроид колдору менен булгап, айланасындагы объектилерди тааныйт.

 

Жакынкы арада музей британиялык компаниядан мындай роботтордун командасын сатып алууну пландап жатат.