Кыргызстанда унааны мас абалында башкаруу жана жол эрежелерин көп жолу  бузуу үчүн жаза күчөтүлөт

Кыргызстанда унааны мас абалында башкаруу жана жол эрежелерин көп жолу  бузуу үчүн жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Манас Сыдыгалиев билдирди.

 

Анын айтымында, айдоочу рулга мас абалында отурса 3 жылга чейин айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат. Бузуу дагы бир жолу кайталанса, күбөлүк 10 жылга тартылып алынат.

 

Андан тышкары, адам 5 жолу жол кыймылын бузса, анын күбөлүгү убактылуу токтотулат, ал эми айдоочу дагы бир жолу экзамен тапшырууга аргасыз болот.